Бишкекте Европа кино тасмаларынын фестивалы өтөт. Бул тууралуу Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, тасмалар 28-31-октябрь күндөрү «Ала-Тоо» кинотеатрында көрсөтүлүп, кирүү акысыз болот. Анда Германия, Франция, Австрия, Бельгия, Словакия, Словения, Италия, Испания, Латвия, Эстония жана Румыния өлкөлөрүнүн тасмалары тартууланат. Алар орус тилиндеги субтитр менен көрсөтүлөт.