«Акыйкаттык Лигасы» алсыз болуп калды

23-Ноя. 2017, Бейшемби, 16:35

"Warner Bros жана DC Films” студиясынын «Акыйкаттык Лигасы» фильмине катыштуу үмүтү кытайлык прокатта ишке ашкан жок. Үлкөн жарнамалык өнөктүккө жана өлкөгө башкы каармандардын келишине карабастан, кинонун башкы атаандашы болгон - «Тоор 3: Рагнарекко» фильмине караганда начар башталды.

“LA Times” басылмасынын маалыматы боюнча, "Акыйкаттык лигасы" Кытайда 52,1 млн доллар тапса, ал эми “Marvel” кино студиясы 54,7 миллион доллар натыйжасында баштаган. Мындан сырткары, “Акыйкаттык лигасы” ушул эле долбоордогу “Бетмен Суперменге каршы” тасмасына караганда 10 пайызга начар натыйжага ээ болду.

«Тор-3»кө келсек, кытайлык прокатта кирешеси 108 миллион доллардан ашып кетти. Бул ага «Галактиканын күзөтчүлөрү» экинчи бөлүгүнө жетүүгө мүмкүндүк берди. Фильм ошондой эле Азия аймагындагы 10 өлкөнүн ичиндеги эң популярдуу болуп калды.

Буга чейин «Forbes» журналынын эксперттери «Акыйкаттык лигасынын» ички жана сырткы көрсөтүүлөрдө 50-100 миллион долларга чейин чыгым алып келип, ийгиликсиз болоорун болжошкон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!