"Титаникке" кирбеген сейрек кадрлар (видео)

24-Ноя. 2017, Жума, 12:26

Интернетте 1997-жылы чыккан «Титаник» фильминин кырсык учурундагы кадрларын режиссер Джеймс Кэмерон монтаждоодо кезинде кесип таштаган сейрек үзүндү жарыяланды.

“Mirror” маалымат булагы белгилегендей, режиссер «Paramount» студиясынын башчыларынын кысымы менен бир нече кадрды кесип таштоого мажбур болгон. Себеби, фильмдин хронометражынын узак болгондугуна байланыштуу бул окуяларды аргасыз кесишкен.

Эске сала кетсек, «Титаник» киноматография тарыхында узак убакыт бою эң көп таралган тасма деп таанылган. Прокатта ал 2 миллиард 186 миллион доллар жыйнаган. Камерондун киносу көрөрмандар гана эмес, ошону менен бирге сынчылардын да кызыгуусун туудурган. 1998-жылы «Титаник» “Эң мыкты фильм”, “Мыкты режиссер” жана “Эң мыкты визуалдуу эффект” номинациялары боюнча «Оскардын» 11 сыйлыгына ээ болгон. Фильмдеги негизги ролдорду Леонардо Ди Каприо, Кит Винслэт, Билли Зейн жана Кэти Бейтс ойнойт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!