"Акыркы баатыр" кассалык фильмге айланууда

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 11:40

Ушул тапта “Yellow, Black and White” жана “Walt Disney” студияларынын бирлешкен күчү менен тартылган «Акыркы баатыр» ("Последний богатырь") жомогу россиялык ата мекендик өндүрүштөгү кассалык фильмдердин бири.

Анын акыркы жыйнаган кирешеси 1,68 млрд. рубль болгон. Тагыраак айтканда, мурдагы көч башчы - «Сталинград» аскердик драмасынан (1,67 млрд рубль) ашып түштү.

Фильмдеги окуя телепроектин катышуучусунун капыстан Белогорье деп аталган сыйкырдуу, керемет өлкөгө түшүп калуусу менен башталат. Ал анда Баба Яга, Кощей, Водяной сыяктуу бала чагындагы жомок каармандарына туш болот. Ал эми башкы каарман кылычын таап, өз жашоосуна кайтып келүү аракети менен окуя уланат.

Фильмге тартылгандар: Виктор Хорняк, Екатерина Вилкова, Елена Яковлева, Константин Лавренко, Евгений Дятлов, Александр Семчев, Сергей Бурунов, Алексей Онежен жана башкалар.

Режиссер: Дмитрий Дьяченко.

Буга чейин “Уолт Дисней” компаниясынын россиялык бөлүмүнүн басчысы «Акыркы баатыр» ата мекендик прокатта гана ийгиликке жетише алат деген оюн билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!