Кытай кино рыногуна көз артууда

28-Ноя. 2017, Шейшемби, 12:57

2020-жылга карата Кытай дүйнөдөгү эң ири киноматография индустрия болуусу жана өлкөнү жаңы эл аралык кино өндүрүш борборуна айлантууну көздөөдө. Бул болжом Чжэцзян провинциясынын Ханчжоу шаарында өткөн жаштар кино семинарында басма сөз, кино жана радио министринин орун басары Чжан Хонгсен жар салды.

Анын айтымында, "2020-жылы Кытайда 60 миң жакын кинотеатр ачылып, жыл сайын чыгарылчу фильмдер болжолдуу түрдө 800 жакын, ал эми касслык топтомдор 70 млрд юань (10 млрд доллардан) ашуусу күтүлүүдө",-деп билдирди ал өз сөзүндө.

Мындан сырткары Кытайда 2017-жылы баардык кинотеатрларда билеттердин сатылуусу жогорку чектен ашып 50 млрд юанды (7,6 млрд доллар) түзгөн. Азыркы тапта Кытайда 40 миңден ашык кинотеатр иштеп жатат. Бул көрсөткүчтөргө ылайык Кытай Эл Республикасы дүйнөдө биринчи орунда турат, ал эми экинчиде АКШ.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!