Феялардын эжеси «Mулан»да башкы колду ойнойт

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 13:13

Уолт Диснейдин киностудиясы бир жылдай издөөдөн кийин «Мулан» көркөм фильминин башкы ролду жаратуучу актерду табышты. «The Hollywood Reporter» маалыматы боюнча, аны «Тыюу салынган падышалык» ("Запретное царство") тасмасындагы актриса Йифей Лью аткарат.

Ар түрдүү өлкөлөрдөн башкы ролго миңдеген талапкерлер каралып, бирок алардын арасынан Льюда долбоордун авторлоруна керектүү комбинациялар, анын ичинде кол менен күрөшүү жана актерлук жөндөм бар экенин белгилешет. Белгилей кетсек, Йифей Лью – кытайдын жаш жана эң белгилүү актрисаларынын бири. Мекенинде ал «Феялардын эжеси» ("Сестра Фей") деген лакап менен да белгилүү. Актриса кытайлык киноматографиялык долбоорлорго, ошондой эле “Dior”, “Tissot”, “Garnier” жана “Pantene” сыяктуу белгилүү бренддердин жарнамаларына да тартылат.

Мындан мурда «Мулан» фильминин постановкасы «Зоопарктын күзөтчүсүнүн аялы» жана «Машыктыруучу» ("Жена смотрителя зоопарка" жана "Тренер") сыяктуу картиналардын автору Ники Каро алып барат деп жарыяланган. Тартуу иштери 2018-жылдын январь айында башталып, негизинен Австралияда, Жаңы Зеландияда жана Кытайда өтөт.

Фильмдин чыгыш күнү азырынча белгилене элек. Мүмкүн, 2019-жылдын ортосунда өтөт деген божомолдор айтылууда. Баштапкыда көрөрмандарга 2018- жылдын ноябрында сунуштоо пландалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!