Жаңы тасманын алгачкы трейлери (видео)

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 13:44

Социалдык тармакта “Мстители: Война бесконечности» фантастикалык фильмдин алгачкы трейлери чыкты. Ролик 29-ноябрда “YouTube” каналына «MARVEL Россия» тарабынан жарыяланган.

«Өч алуучулар менен алардын шериктештери Таноско каршы туруп, бүткүл ааламды куткаруу үчүн болгон күчүн салышмакчы»,- делет видеонун билдирүүсүндө.

Ролдордо Скарлетт Йоханссон, Роберт Дауни-кичүүсү, Том Хиддлстон, Крис Эванс, Бенедикт Камбербэтч, Джош Бролин жана Марк Руффало аткарышты.

«Мстители: Война Бесконечности» чоң экрандардагы бет ачаары 2018-жылдын 4-майына белгиленген.

Фильмдин режиссерлору Энтони менен Джо Руссо болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!