“Оскар” кимге буюрат?

7-Дек. 2017, Бейшемби, 14:25

АКШ кино сынчыларынын улуттук кеңеши мыкты фильм менен актёр, актрисаларды аныктады. Адатта, алардын пикири америкалык киноакадемиянын чечими менен дал келип калат. Ошондуктан быйылкы "Оскар" сыйлыгынын ээлери да кино сынчылардын тандоосу менен бирдей болушу абдан мүмкүн.

Алар сыйлыкты Стивен Спилбергтин "Сырдуу досье" аттуу жаңы картинасына беришти. Картина "Пентагон документтери" деген ат менен белгилүү болгон тарыхый окуяга негизделген. Фильмдеги башкы ролдорду белгилүү Мэрил Стрип менен Том Хэнкс ойногон.

Демек сынчылардын пикири боюнча, мыкты актер менен актриса наамдары да ушуларга берилет экен.

Картина сюжети Америка коргоо мекемесинин Вьетнам согушундагы АКШнын ролун изилдеген бир нече жылдык жумуштарынын журналисттердин колуна түшүп калуусун баяндайт.

1971-жылы “The New York Times” менен “The Washington Post” басылмалары документ үзүндүлөрүн калың журтка жарыя кылган эле. Макала "Америка-Вьетнам мамилелери, 1945-1967: Изилдөө" деген аталыш менен жарык көргөн. Жыйынтыгында бийлик менен журналисттер арасында чоң ажырым пайда болгон. Аталган картинада Том Хэнкс “The Washington Post” басылмасынын редактору Бен Брэдлини, ал эми Мэрил Стрип болсо, ири массалык маалымат каражаттарын башкарган алгачкы аял – Кей Грэм аттуу чыгаруучу редактордун ролун аткарышкан.

Мындан сырткары картинага Элисон Бри, Дэвид Кросс, Боб Оденкёрк, Сара Полсон, Джесси Племонс, Майкл Стулбарг жана Брэдли Уитфорд сыяктуу актерлор да катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!