2017-жылдын начар фильмдери кайсылар?

8-Дек. 2017, Жума, 10:00

Америкалык “Rolling Stone” журналы 2017-жылдын эң начар 10 фильминин тизмегин жарыялады. Бул тууралуу “lenta.ru” билдирет.

Эң начар фильм катары режиссер Майкл Бэйдин “Трансформерлер: Акыркы соотчон” (Трансформеры: Последний рыцарь) фантастикалык блокбастери биринчи орунга чыкты. "Фильм ийгиликсиз тартылган",- дейт эксперттер.

Экинчи орунга Стивен Кингдин «Караңгы мунара» романдар сериясынын негизинде тартылган кино ээ болду. Башкы ролдордо Идрис Елба менен Мэттью МакКонегей ойношкон.

Ал эми эң начар үчилтиктин катарына «Бозомук түстүн 50 түрү» мелодрамасы турат.

Ошондой эле, жакшы деп аталбаган он фильмдердин катарына Терренс Маликтин «Ыр артынан ыр» («Песня за песней») картинасы, Том Круздун «Мумия», Эльба менен Кейт Уинслеттин «Арабызда тоолор бар» («Между нами горы») картинасы, Люк Бессондун «Валериан жана миңдеген планеталардын шаары» («Валериан и город тысячи планет»), «Салам, ата, Жаңы жыл!» («Здравствуй, папа, Новый год!») комедиясынын экинчи бөлүмү, Джордж Клунинин «Субурбикон» фильми кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!