"Яркость" жогоку бюджеттүү фильм болот

13-Дек. 2017, Шаршемби, 15:09

“Netflix” компаниясы социалдык тармакта "Яркость" (Bright) фильминин соңку трейлерин сунуштады. Бул тасма эң жогорку бюджетке ээ болуп, ага жалпысынан 90 миллион доллар сарпталган. Фантазия элементтери аралашкан боевик фильминде башкы ролду 49 жаштагы Уилл Смит аткарган.

Режиссер Дэвид Эйр ("Отряд самоубийц", "Форсаж") башкарган тасмадагы окуяда адамдар эльфтер жана орктар менен бирге жашаган, табияттын көзгө көрүнбөгөн жандыктары өмүр сүрүп жаткан фантастикалуу укмуштуудай дүйнө сүрөттөлөт. Полиция Дэрил Уорд (Уилл Смит), орк кесиптеши менен (Джоэль Эдгертон) бирге мистикалык артефакт - илкерки кылычты таап алышып, аны кылмышкерлердин колуна түшпөсү үчүн күрөшүшөт.

Фэнтези-триллер жайында «Сан-Диего» кино фестивалында сунушталып, журналистердин жана киноиндустриясынын өкүлдөрүнүн кызыгуусун жараткан. Фильмдин дүйнөлүк премьерасы ушул жылдын 22-декабрына пландалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!