“Игры престолов”: соңку сериялары кандай?

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:17

""Игра престолов” сериалында Сансы Старктын ролун аткарган британ актрисасы Софи Тернер телевизиондук шоунун финалы тууралуу маек берди”,- деп билдирет “Mashable”. Анын айтымы боюнча, фэнтези сага кандай аякталаарын актертук топ билет.

«Акыркы бөлүгүнүн кичинекей эпизодун алар (сериалдын коючулары – ред.) окуп беришти. Окуп бүткөндөн кийин көпчүлүк ыйлап жиберишти», - деди Тернер.

Кийинки сезон тууралуу Тернер белгилегендей фантастикалык элементтер көп камтылып, ал эми сахналаштыруулар масштабдуу болмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!