“Бажарики” кайрадан чоң экрандарда

20-Дек. 2017, Шаршемби, 10:10

“Бажарики” кино тасмасы көпчүлүктүн купулуна толуп минтип кайрадан фильмдин уландысы 21-декабрь күнү кайрадан тартууланып отурат. Фильмдин режиссеру: Амантур Ормуков, жанры: комедия. Ролдордо Жоробек Аралбаев, Улан Джумабаев, Максат Усенов, Атай Омурбеков, Улан Барпиев, Шумкар Бейшеналиев, Радик Эшимов.

Дамирдин юбилейинен бир нече жыл өткөндөн кийин, бажалар аялдарынын ата-энесинин дагы бир тою, 30 жыл бирге өмүр сүргөн – бермет тою тууралуу билишет. Алар тойду кеңешишип Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүнү туура көрүшөт. Бирок алардын сүйүктүү ата-энеси эчактан бери эки ажырым жолго түшүшкөн жана балдарынын жашырып келишкен. Ысык-Көлгө чакыруу тууралуу укканда алар оңтойлуу бир убакытты таап балдарына айтууну ойлошкон. Бирок көлгө келгенде аларды бир далай окуя күтүп турган болот. Алар кайсы десеңер жакында Бишкектин баардык кинотеатрларында көрө аласыздар.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!