"Стражи галактики 3" качан чыгат?

17-Янв. 2018, Шаршемби, 16:12

Америкалык режиссер Джеймс Ганн тарткан "Стражи галактики" фильминин уландысы качан чыгаарын билдирди. Бул тууралуу ал “Twitter”ден колдонучулардын суроосуна жооп берип жатып маалымдады.

Ганндан тасманын үчүнчү бөлүгү качан чыгат деп сураганда, ал “2020-жылы чыгат” деп жооп узаткан.

Мындан сырткары, режиссер “Walt Disney” компаниясынын 21 кылымдагы “Fox” студиясын сатып алганы «Стражи галактикинин” үчүнчү бөлүгүнө таасир бербестигин да белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, буга чейин маалымдалгандай “Disney” 21 кылымдын “Fox”сун 52,4 млрд. долларга сатып алган.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!