Ханзааданын сүйүүсү тууралуу фильм

18-Янв. 2018, Бейшемби, 16:31

«Lifetime» каналы "Гарри менен Меган: Ак сөөктөр махабаты" (Harry & Meghan: The Royal Love Story) деп аталган фильм тартыла башталганын маалымдашты. Дагы мыйзамдуу түрдө никеге турушпаган түгөйлөрдүн ролуна кастинг жүрүүдө. Картина сюжетинде алардын алгачкы кездешүүсү, “кудалашканга” чейинки жашоосун камтыйт.

Фильмдин премьерасы качан болоору белгисиз, бирок той алдында көрсөтүлөт деген жоромол айтылууда.

Эске сала кетсек, ханзаада Гарри менен актриса Меган Маркл баш кошуша турганы тууралуу декабрдын аягында расмий турдө билдиришкен. Той 2018 -жылдын жаз айларында өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!