«Бегущий в лабиринте» кинотеатрларда

25-Янв. 2018, Бейшемби, 15:00

Бүгүнтөн баштап Бишкектин бир катар кинотеатрларында Жеймс Дэшнердин чыгармасына негизделген «Бегущий в лабиринте» фильми көрсөтүлөт. Алгачкы бөлүмү 2014-жылы жарык көргөн эле.

Жаштар антиутопиясы жанрындагы фантастикалык боевиктин бүгүн чыккан үчүнчү фильми алдыңкы сериялардагы окуяны улантат.

Дилан О’Брайен ойногон башкы каарман алгачкы сериядан бери жаралган суроолорго жооп издөө жолунда башын дагы кыйынчылыктарга салат. Анда достору менен бирге аңызга айланган Акыркы шаарга кирип, лабиринттен өтүүлөрү керек.

Үчүнчү картина «Лекарство от смерти» («The Death Cure») деп аталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!