Бишкекте Иран тасмалары көрсөтүлөт

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 17:20

7-февралдан тарта Бишкекте Иран тасмасынын күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кино күндөрүнүн ачылышы Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында башталып, иш-чара Ирандагы ислам революциясынын 40 жылдыгына арналууда.

Кино күндөрүн "Ой чабыттын таттуу даамы" аталышындагы көркөм тасма ачат. Ошондой эле 8-февраль күнү саат 15:00дө "Мазари-Шариф", 17:00дө "Жин тийген акын", 9-февралда саат 15:00дө "Бодигард", 17:00дө "Менин бут кийимим кайда?" тасмалары көрүүчүлөргө тартууланат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!