“Amazon”дун сериалында роль аткарат

8-Фев. 2018, Бейшемби, 12:47

Америкалык актер Арнольд Шварценеггер “Outrider”дин башкы сериалынын негизги каарманы болмокчу. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайты маалымдайт.

Сериал батыштын вестерн стилинде болот жана Оклахома штатындагы XIX кылымдын башындагы болгон окуя тууралуу баяндалат. Сюжет боюнча, шерифтин жардамчысы легендарлуу кылмышкерди туткундоосу керек. Ал эми ага кичинекей чагында Европадан штатка ата-энеси менен көчүп келген мыкаачы федерал маршалы (Шварценеггер) жардам берет.

“Outrider” сериялы “Amazon” каналында чыгат жана анын аткаруучу продюсери Мейс Ньюфелд болот.

Буга чейин, Шварценеггер “Терминатор” тасмасы тууралуу сөз кылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!