Кыргыз режиссёрлору Стамбулда байгелүү орунга ээ болду

22-Фев. 2018, Бейшемби, 19:50

Кыргызстандын жаш режиссёрлору Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Alemlere Rahmet IV эл аралык фестивалда байгелүү орунга ээ болушту.

Маалыматка ылайык, кыска метраждуу тасмалардын кинофестивалында Кыргызстандан 3 жаш режиссёр ийгиликке жеткен.

Кинофестивалда кыргыздын жаш режиссёру Аскар Нуракун уулунун “Тасмага болгон сүйүү” тасмасы “Демөөрчүнүн атайын сыйлыгына” татыса, Мээрим Догдурбекованын “Бакыт” тасмасы “Калыстар тобунун атайын сыйлыгына” ээ болду. Ошондой эле Салтанат Зарнаеванын “Үй” тасмасы 3-орунду ээлеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!