Жакынкы жылдары жарык көрчү фильмдер

2-Март 2018, Жума, 15:19

“Walt Disney” компаниясы “Marvel” студиясынын комикстеринин бет ачаары болчу күндөрдүн тизмегин жарыялады. Расмий басма сөз-релизинде бул фильмдер 2021-жылдын 7-майында, 2021-жылдын 30-июлунда, 2021-жылдын 5-ноябрында, 2022-жылдын 18-апрелинде, 2022-жылдын 6-майында жана 20-июлунда көрөрмандарга тартууланат

Ошондой эле, дагы бир проект 2020-жылдын 7-августунан 31-июлга жылдырылган. Балким бул “Өч алуучулардын” ( «Мстители») акыркы сериясынан кийин чыкчу “Төртүнчү фаза” (“Четвертой Фаза”) өнүгүүсү тууралуу сөз болуп жатат.

Мындан сырткары, “Walt Disney” “Pixar” студиясынын дагы бир нече анимациялык проектерин чыкчу күндөрүн белгилеген. Алар көрөрмандарга 2020-жылдын 6-мартында, 2022-жылдын 18-мартында, 2022-жылдын 17-июнунда көрсөтүлөт.

Ал эми "Мулан"дын релизи 2020-жылдын 27-мартына жылдырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!