Мультфильмдин трейлери хитке айланды

Мультфильмдин трейлери хитке айланды
3-Март 2018, Ишемби, 10:42

«Disney» студиясы «Ральф против интернета» деп аталган анимациялык фильмдин трейлерин жарыялады. Ролик эки күнде 6 миллиондан ашык көрүүчү жыйнаган.


Мультфильм сюжетинин негизине сегиз битти оюндун башкы каарманы Ральф жана анын досу Ванипол фон Кекс тууралуу окуя алынган. Алар бирге Интернет боюнча саякатка аттанашат.Фильм каармандарын Келли Макдоналд, Кристен Белл, Мэнди Мур жана Джон Си Райли аткарат. Режиссеру Рич Мур менен Фил Джонстон. Премьерасы быйылкы жылдын ноябрь айында чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!