“Терминатора-6” тасмасын тартуу июнда башталат

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 13:03

“Tерминатор” тасмасынын алтынчы бөлүгүн тартуу иштери 2018-жылдын июнь айында башталат. Бул тууралуу Арнольд Шварцнеггер “Digital Spy” маалымат булагына кабарлаган.

"Т-800” киборгунун ролун аткаруучусу Сара Коннорду эки ирет ойногон Линда Хэмилтон жандандырат. Фильмди койгон Тим Миллер (Дедпул), ал эми жетекчилик жактан Джеймс Кэмерон башкарат.

"Биз июнь айындан баштап тартуу иштери колго алынат жана ошону менен октябрь айынын ортосуна чейин барат. Ошондой эле мен да тартылам. Чыдамсыздык менен “Т-800”дүн кайтып келүүсүн күтүп жатам. Бул укмуштуудай болот! Тим Миллер жана Джеймс Кэмерон биргеликте процессти көзөмөлгө алышат", -деди Шварценеггер.

Белгилей кетсек, бул фильм чоң экрандарда 2019-жылы 27-июлда чыгат. Прокат үчүн тасманын аты өзгөрүшү ыктымал. Мисалы, алтынын ордуна башка бир жазуу болушу мүмкүн.

Эскерте кетсек, буга чейин “Paramount Pictures” кинокомпаниясы “Терминатор” тасмасын улантуудан баш тарткандыгы айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!