"Аквамендин" трейлери эмнеге чыкпай жатат?

27-Март 2018, Шейшемби, 10:29

"DC" комикс китебине негизделген Джеймс Ван "Аквамен" фильминин режиссеру, 2018-жылы декабрда чыга турчу тасманын трейлери жок болгондугуна байланыштуу расмий билдирүү жасоого аргасыз болду.

"Мен азырынча фильмди бөлүшүгө даяр эмесмин. Бул фильм атайы эффектерге бай, жана анын иштеп чыгуу процесси өтө жай жүрүүдө. Ооба керек болсо трейлерге кадрларды даярдоо да көп убакытты алат, жана мен түшүнбөстүктөр болбошу үчүн жөнөкөй бир нерсени сунуштагым келбейт", - деп жазган ал өзунүн “Twitter”деги баракчасында. Директордун айтуусу боюнча, анын бул билдирүүсү көрөрмандарды тынчтандыра албаарын түшүнөөрүн айтты. "Мен сиздерди ишендирип кете алам, биз тынымсыз иштеп жатабыз”, - деди кошумчалап Ван.

Эскерте кетсек, "Аквамен" тасмасы башка дагы бир көпчүлүк чыдамсыздык менен күтүп жаткан япондуктардын мангасы болгон "Алита: Боевой ангел" менен бирге сунушталмакчы. Мындай кагылышуу атаандаштардын эч бирине пайда алып келбейт.

Белгилей кетсек, “Акваменде" Джейсон Момоа, Эмбер Херд, Николь Кидман, Уиллем Дефо, Дольф Лундгрен, Патрик Уилсон, Грэм МакТавиш, Темуэра Моррисон, Яхья Абдул-Марин II, Луди Лин жана башка актерлор аткарышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!