Спилберг комикс тартат

Спилберг комикс тартат
19-Апр. 2018, Бейшемби, 10:07

Америкалык режиссер Стивен Спилберг “Черный ястреб” тууралуу “DC” комиксин тартмакчы. Бул тууралуу АКШнын "Amblin Entertainment” студиясы “Warner Bros” студиясы менен биргеликте иш алып барышмакчы. Бул жөнүндө “korrespondent.net” сайты билдирет.

Режиссер маалымдагандай, ага “Warner Bros” студиясы менен биргеликте иштеген жаккан.

Бул Спилбергтин “DC” комикстери тууралуу алгачкы фильми жана анын супер каармандар тууралуу дебюттук тасмасы болмокчу.

Ал эми картинанын сценарийин “Парк Юрского периода” жана “Война миров” сценаристти Дэвид Кепп жазмакчы. Тасманын чыга турган күнү белгилүү боло элек.

Сюжетте Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда учкучтар тобун башкарган башкы каарман “Черный ястреб”тин тегерегиндеги окуя баяндалмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!