Кыргыз жерин даңазалаган “Уламыштар” тасмасы

24-Март 2017, Жума

Кечээ, 23-мартта Бишкектеги Кино үйүндө Ысык-Көл, Таш-Рабат, Сары-Челек, Сулайман-Тоо, Манас-Ордо, Айгүл гүлү, Бурана сыяктуу Кыргызстандагы тарыхый жана жаратылышы кооз жерлери тууралуу баяндаган “Уламыштар” тасмасынын бет ачаары болду. Ага белгилүү кинорежиссёрлор, кино сынчылар, манасчылар, актёрлор, шаар тургундары катышты.

Тасманын режиссёру Мурат Мамбетовдун айтымында, фильмдин 90 пайызына жаңыдан кино тармагына аралаша баштаган жаш актёрлор тартылган.

- "Эл тараза, эл сынчы" дегендей тасманы элибиз тасманы көргөндө кандай ойдо калат аны убакыт көрсөтөт дээр элем. Тасма тартууда кыйынчылыктар болду. Айрыкча актёрлор менен иштөө оңойго турган жок. Фильмге тартылгандар кинонун эмне экенин түшүнбөгөн балдар экен. 90 пайызы жаңыдан тасмага аралашкандар. Алар менен иштеш бир топ эле оор болду. Буга чейин бир катар кино тартып жалаң кесипкөй актёрлор менен иштегем. Албетте жаштардын келечеги алдыда, арасында киного жөндөмдүү актёрлор деле бар экен. Кинону өлкөнүн 7 аймагын кыдырып, 9 айга чукул убакытта тартып бүтүрдүк. Тасма аркылуу жаштарга чет өлкөгө барып эмес, өз өлкөңдүн кадырын билип, өз максаттарын туулуп өскөн жериңде деле ишке ашырууга болорун айткыбыз келди.

Тасманын башкы продюсери, “Саякбай манасчы” коомдук фондунун төрагасы Самат Ибраевдин айтымында, кинону тартууга чет өлкөдө иштеп, окуган жаштар тарабынан сунуш түшкөн.

- Кыргыз өлкөсүнүн туризмин жарнамалай турган, облустардагы керемет, кооз жерлерди чагылдырган тасма тартууну чет өлкөгө барганымда кыргызстандык жаштар сунушташкан. Биз каржылык жактан колдоо көрсөтүп, жаштар эки жумада 7 облусту кыдырып тасма тартып келишкен. Аны алгач жогорку окуу жайларда көрсөтүп, студенттер тарабынан жылуу кабыл алынган. Мындан улам чакан тасманы көркөмдөп, “Уламыштарды” тартууну чечтик. Максатыбыз - мамлекетибиздин туризм багытын өнүктүрүүгө салым кошуу, жарандарыбыздагы патриоттук сезимди ойготуу. Фильмди тартууга 15-20 миллион сомдун тегерегиндеги каражат сарпталды.

Фильмдин сценарийинин автору, аткаруучу продюсери Чыңгыз Исмаилов тасма тууралуу буларга токтолду;

- Тасма тартуу идеясы 2015-жылы пайда болгон. Бул жылы мен курактуу балдар менен Кыргызстанды кооз жерин кыдырып чыкканбыз. Ошондо менде мындай идея пайда болду өз жеринде жашап, айылдан же шаардан чыкпаса, кооз жерлерди билбеген жаштар көп болсо керек. Мындан улам сценарийди жазуу идеясы оюма келген. Актёрлорду тандаганда кыйынчылыктар пайда болду. 3 этаптын негизинде актерлорду тандап алдык. Жаңыдан тасмага тартылганына карабай өздөрүнө берилген образды жеткире аткара алышты. Фильмдин сценарийин жазууда манасчылар, жергиликтүү тургундар менен кеңешип, уламыштарды терең изилдедик. Уламыш жомок сыяктуу болгондуктан эл оозунда көп айтылган уламыштарды фильмге тартууну эп көрдүк.

Тасмада башкы каармандын ролун Адилет Усубалиев, Бегимай Ботоярова, Урмат Бакытбеков, Чыңгыз Исмаилов жана Тургунай Эркинбекова ойногон. Мындан тышкары белгилүү, кесипкөй актёрлорду көрүүгө болот. “Курманжан датка” тасмасында тартылган актёр Адилет Усубалиев билдиргендей, тасма тартууда кызыктуу окуялар көп болгон.

- Бул тасмага кастинг аркылуу тартылып калдым. Роль мага буюруп өтүп калдым. Кыйынчылыктар убакыт жагынан болду. 3 жарым айда тартылды. Кыргызстандын кооз жеринде тартылгандыктан кызыктуу окуялар көп болду десем болот. Убакыт жагынан кыйынчылыктарга кабылдык десем жаңылышпайм.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!