Корей тасмалары акысыз көрсөтүлөт

15-Май 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 15-майдан 17-майга чейин Бишкектеги «Манас» кинотетрында Корей киносунун IV фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кореянын “Джокку королу”, “Менин жаркыраган жашоом”, “Кундо: коркунуч доору” деген аталыштагы тасмалары акысыз көрсөтүлөт.

“Кундо: коркунуч доору” тасмасы

2014-жылы тартылган.

Жанр: драма

Тасмада 19 кылымда тагыраагы 1859-жылдагы орун алган окуя баяндалат. Корея Чосон династиясынын карамагында болгондуктан, катардагы адамдар бийликке баш ийгиси келбей көптөгөн азапты башынан кечирет. Көптөгөн адамдар жакыр турмушту башынан кечирип, ачкачылыктын айынан бир катар адамдар курман болуп, оор турмушту баштарынан өткөрүшөт. Жакыр турмушта жашаган элдин жашоосу кантип өзгөрөт? Бул тууралуу тасмада кеңири баяндалат.

Актерлор: Ха Чон У, Кан Дон Вон, Ли Сон Мин, Чо Чжин Ун, Ма Дон-сок, Юн Джи Хэ, Чон Ман Сик, Ким Сон Гён, Чжэ-йенг Ким, Ли Кён Ён.

“Менин жаркыраган жашоом” тасмасы

2014-жылы тартылган.

17 жаштагы А Рым генетикалык оору менен жабыркап, башынын ар кандай күндөрдү өткөрөт. Ал өзүнүн жаш курагында уулу адамдардай көрүнөт. Жигит ага карабастан оору менен күрөшүп, турмушунда бир топ азап тартканы баяндалат.

Жанр: үй-бүлөлүк драма

Башкы каармандар: Кан Дон Вон, Сон Хэ Гё, Чжо Сон Мок, Пэк Иль Соп, Ли Сон Мин, Ким Гап Су.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!