​Тарыхый тасмага кастинг жарыяланды

2-Июнь 2017, Жума

“Борбор Азия фильм” студиясы жана “Арча медиа” продюсердик борбору мюзикл жанрындагы тарыхый драмага кастинг жарыялайт. Бул тууралуу Маданият жана маалымат туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кастинге мырзалар жана айымдар 17 жаштан 55 жашка чейинки курактагылар катыша алат.

Алдын ала тандоо 1-16-июнга чейин дүйшөмбүдөн баштап жумага чейин саат 13:00дөн 16:00гө чейин болмокчу.

Дареги "Айтыш фильм" кино студиясы, Жибек Жолу көчөсү №625

Сурап билүү телефону: +996 708 520 487

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!