Атактуу актёр Николас Кейдж Астанада

24-Июль 2017, Дүйшөмбү

Атактуу дүйнөлүк кино жылдыз Николас Кейдж Казакстандын баш калаасы Астанада өтө турган 13-Эл аралык Евразия кинофестивалыны катышуу үчүн жекшемби күнү келди. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Актёр Астана шаарынын тургундары меймандос экенин билдирип, жогорку баасын берген. «Бардыгы меймандос, сыйчыл келишет экен. Мени ушундай жылуу тосуп алаарын сезген эмесмин»,-деди актер.

Буга чейин актёр казакстандык актриса менен казак элинин улуттук кийимдеринин бири болгон чапан кийип түшкөн сүрөтү интернетке тараган. Сүрөт чыгаары менен соцтүйүндүн колдонуучуларынын талкуусуна түшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!