"Саякбай" тасмасы чоң экранга чыгат

4-Сен. 2017, Дүйшөмбү

"Саякбай" тасмасы 7-сентябрдан тарта бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу "Саякбай манасчы" фондунан билдиришти.

Тасма Ысык-Көл облусунун Тоң районунда тартылган. Анын режиссеру Эрнест Абдыжапаров.

Белгилей кетсек, улуу манасчы тууралуу тасмага көптөгөн сценарийлерден режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун варианты жактырылган. Тасманы "Саякбай манасчы" фонду каржылаган. Бөлүнгөн каражаттын өлчөмү 100 млн. сомду түзөт.

Тасманын көп бөлүгү Саякбайдын туулуп өскөн жери Тоң аймагында тартылган. Манасчы жашаган үйү да көл жээгине салынган. Ал эми башкы ролду белгилүү киноактер Марат Жанталиев аткарган.

Манасчынын жубайы Бейшекан апанын ролунда Тынара Абдразаева ойногон.

Манасчынын кичине кезин белгилүү жаш Манасчы Үмөт, орто жашын Бактыбек Нурмат уулу аткарды. Ал эми Чыңгыз Айтматовдун образы аткарууга анын баласы Элдарга татыктуу болду.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!