Инопланетян-кыргыздар тууралуу тасма тартылды

26-Окт. 2017, Бейшемби, 15:48

Япондор инопланетян-кыргыздар тууралуу тасманы тартышты.

Япониялык режиссер Дзюнъя Окабэнун “Brave Storm” ("Кайраттуулар бороону") аттуу фантастикалык тасмасы жарык көрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, тасмада 2050-жылдагы Японияда болгон окуя баяндалат. Мында жер жүзүн башка планетадан келген кыргыздар басып алганы көрсөтүлгөн. Тасма фантастикалык, анда аскердик роботтор менен мушкердин ортосундагы кандуу согуш көрсөтүлөт. Режиссерлордун айтымында, фильм визуалдуу эффектер менен коштолгон.

Тасманын бет ачаары ушул жылдын 10-ноябрында көрсөтүлөт.

Тасмага Япониянын белгилүү кино жылдыздары катышкан. Алар, Хисаши Йошизава, Сюнсукэ Дайто, Тихиро Ямамото, Шу Ватанабе, Юки Мацузаки.

Фильмдин бюджети 20 млн долларды түзүп, 84 мүнөттү камтыйт.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!