Садык Шер-Нияз Анджелина Жоли менен жолукту (видео)

31-Окт. 2017, Шейшемби, 11:30

Кечээ, 30-октябрда Лос-Анджелесте өтүп жаткан Дүйнөлүк Азия "Аsian World Film Festival (AWFF)" кинофестивалында аталган кинофестивалдын негиздөөчүсү, депутат, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз белгилүү голливуд актрисасы Анджелина Жоли менен жолукту.

Жолугушууда Голливуд менен Азиянын кино тармагында эки тараптуу кызматташтыкты ишке ашыруу жана фестивал тууралуу баарлашкан. Ошондой эле Анджелина Жоли кыргыз кинорежиссерлору Мурат Алиев, Актан Арым Кубат менен пикир алышкан.

Белгилей кетсек, 28-октябрда Лос-Анджелесте Дүйнөлүк Азия "Аsian World Film Festival (AWFF)" кинофестивалынын алкагында режиссер Актан Арым Кубаттын «Кентавр» Эрнис Абдыжапаровдун «Саякбай», Таалайбек Кулмендеевтин «Мунабия» кинотасмасы көрсөтүлдү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!