Болливуд бүгүн Кыргызстанда кастинг жарыялады

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 10:42

Болливуд Кыргызстанда тартыла турган индиялык тасмага кастинг жарыялады. Бул тууралуу Kyrgyzcasting.com билдирет.

Тасманы тартуу иштери Кыргызстандын аймагында жүрөт. Азырынча тасмада эмне тууралуу баяндалар турганы белгисиз.

Кастингге балдар, жаштар, жигиттер жана афган, өзбек, тажик улутундагы мырзалар катыша алышат.

Кастинг бүгүн 9-10-ноябрда Бишкекте өткөрүлөт. Каалоочулар болсо WhatsApp (+996 552) 50 65 07 номерине өздөрүнүн сүрөттөрүн жиберишсе болот.

Белгилей кетсек, акыркы кездери Болливду кино ишмерлери, ырчылар Кыргызстандын аймагында буга чейин клип тартышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!