"Түнкү кырсык" Талиландда баш байгеге ээ болду

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 10:10

Кыргызстандык кинорежиссер Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмасы Таиландда ѳткѳн «Караңгы түндѳр» эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу режиссер Асель Жураева билдирди.

Баш байге үчүн ат салышууга 18 тасма катышкан. Алардын кѳпчүлүгү дүйнѳлүк жана эл аралык кино фестивалдарда байгелүү орунга ээ болгондор.

Тасманын бет ачаары буга чейин ноябрь айында Эстонияда кѳрсѳтүлгѳн. Фильмдин баш каармандары — жалгыз абышка жана таң калычтуу кыз. Абышка жаракат алган кызды түндө кыштактардын арасындагы жолдон таап алат. Ал кызга кам көрүп жатып, аны жактырып калат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!