​“Кентавр” тасмасынын трейлери жарык көрдү

6-Март 2017, Дүйшөмбү

Белгилүү режиссёр Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы 31-мартта Бишкекте кино экранга көрсөтүлөт. Учурда фильмдин трейлери расмий жарык көрдү.

Буга чейин тасма Берлинде кинофестивалында Автордук кино эл аралык конфедерациясынын (CICAE) баш байгесине ээ болгон.

“Кентавр” тасмасы өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасма. Фильмде Актан Арым Кубат башкы ролду ойнойт. Мындан тышкары, тасмага Болот Тентимишов, Таалайкан Абасова, Зарема Асаналиева, Илим Калмуратов тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!