​“Атанын керээзи” тасмасы дагы баш байгени жеңип алды

13-Фев. 2018, Шейшемби, 18:11

“Атанын керээзи” тасмасы Индиянын Бхуванешвар шаарында өтүп жаткан "Golden Triangle" эл аралык фестивалында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Чолпон Идирисова билдирди.

Тасма "Эң мыкты көркөм тасма" наамын жеңип алган.

“Атанын керээзи” тасмасы буга чейин бир катар сыйлыктарды баш байгени жеп алган. Ушуну менен 9-баш байгени жеңиши.

Эскерте кетсек, “Ата керээзи” тасмасында башкы ролдордо Иман Мукул, Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева, Бакыт Мукул жана башкалар ойногон. Тасма “Кыргызфильм” жана “Элфильм” студияларында тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!