Мугалимдердин спартакиадасы башталды

24-Март 2017, Жума

Бишкектеги №23 гимназиянын билим берүү-тарбия комплексинде Свердлов районундагы мектептериндеги мугалимдер арасында волейбол боюнча спартакиада старт алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан бүгүн, 24-мартта билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдешке жалпы 18 команда катышууда.

“Учурда 18 команда катышып, спорттун 3 түрүнөн волейбол, сууда сүзүү боюнча мелдештер болот. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, кубок медалдар менен сыйланат”,-деп айтылат маалыматта.

Уюштуруучулар район администрациялары, спорт комитети жана билим берүү борбору.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!