​Футбол: Кыргызстан Макао менен беттешет

28-Март 2017, Шейшемби

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн, 28-мартта Макаонун курама командасы менен беттешет.

Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да башталат. Оюн 2019-жылкы Азия оюндарынын кубогун тандап алуунун алкагында өтүүдө.

Футболду КТРКнын "Спорт" каналы түз алып көрсөтөт. Иш-чаранын маалында коопсуздукту сактоо максатында 2600 милиция ишке тартылмакчы.

Ошондой эле Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин жабылат. Андан сырткары Спорт сарайынын негизги кире беришине, стадиондун айланасына унаа токтотууга тыюу салынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!