​Волейбол: Кыргызстан-Түркмөнстан оюн өткөрөт

30-Март 2017, Бейшемби

Бүгүн, 30-мартта Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатында финалдык оюн өткөрөт.

Мальдив аралдарында өтүп жаткан волейбол боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык волейболчулар Түркмөнстан менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

Буга чейин, кыргызстандык волейболчулар Непал, Мальдивдин спортчуларын жеңип, финалга жолдомо алган.

Белгилей кетсек, Түркмөнстан 2015-жылы Азиянын аймактык чемпионатында жеңишке жетишкен, ал эми кыргызстандык курама команда аталган турнирде 2016-жылы вице-чемпион болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!