“Мэрдин кубогу” жыйынтыкталды

3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Эркин күрөш боюнча өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэринин кубогу жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, турнир 1-2-апрелде «Арча-Бешик» жаӊы конушундагы дене тарбия жана ден соолукту чыӊдоо спорттук комплексинде өттү.

Мелдешке шаардагы 14-17 жашка чейинки өспүрүм балдардан 249 спортчу катышып, 36 кг, 39 кг, 42 кг, 46 кг, 50 кг, 54 кг, 58 кг, 63 кг, 69 кг, 76 кг, 85 кг жана 100 кг чейинки салмактагы категорияда күч сынашты.

“Спорттук мелдеш спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, грек-рим жана эркин күрөштү жайылтуу жана балдарды спортко үндөө, ошондой эле шаар тургундарын дене тарбия менен машыгууга чакыруу максатында өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр кубок, дипломдор менен сыйланды”,-деп айтылат маалыматта.

Спорттук иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы КРнын күрөш федерациясы менен биргеликте уюштурулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!