​3,5 млрд. сом мамлекетке кайтарылган

4-Апр. 2017, Шейшемби

Өткөн жылы укук коргоо органдары тарабынан 3,5 млрд. сом мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу прокурор Индира Жолдубаеванын Жогорку Кеӊештин комитетинин 2016-жылы КРда мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчету учурунда белгилүү болду.

Анын айтымында, 2016-жылы укук коргоо кызматкерлери тарабына 3 млрд. 495 миң сом мамлекетке кайтарылган.

Кайтарылган каражатка Бажы кызматы тарабынан алынган 31 млн. 880 миӊ сом камтылган жок. Анын ичинде прокуратура органдары тарабынан 340 млн. 369 миӊ сом, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан 1 млрд. 786 миӊ сом, УКМК тарабынан 1 млрд. 291 миӊ сом, ИИМ тарабынан 77 млн. 48 миӊ сом кайтарылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!