​“Футбол сулуусу-2017” сынагы старт алат

10-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстанда “Футбол сулуусу-2017” сынагы өтөт. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясынан билдиришти.

Конкурстун талабына ылайык, бардык каалоочулар футболдук стилде түшкөн сүрөтүн федерациянын сайтына жиберүүсү зарыл.

“Конкурска бардык каалоочулар катыша алат. Келген сүрөттөрдүн арасынан 10 мыкты конкурсанттарды тандап алып, “Футбол сулуусу-2017” деген наамы менен федерациянын сайтына добуш берүүгө жайгаштырылат”,-деп айтылат маалыматта.

Жеңүүчүлөр КРнын футбол федерациясы тарабынан эл аралык иш-чараларга катышууга жолдомо алат.

Эске салсак, өткөн жылы “Футбол сулуусу-2016” наамын Карина Уразова жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!