​Оор атлетчилер Алматадан олжолуу кайтты

11-Апр. 2017, Шейшемби

Кыргызстандык оор атлетчилер Алматада өткөн эл аралык мелдеште 6 күмүш тагынды. Бул тууралуу КРнын оор атлетика федерациясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 27-31-мартта Казакстанда “Динамо” эл аралык турнири өтүп, ага Кыргызстандан 11 спортчу катышкан.

“Алматада эки мелдеш бир убакта өттү. Биздин федерация алар менен тыгыз кызматташып келгендиктен чакыруу келген. Белгилеп кетчү жагдай, казакстандык оор атлетика тармагы дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Ага карабастан кыргызстандык спортчулар жакшы көрсөткүчтү көрсөтө алды”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!