​Дзюдо: эки балбан күмүш байгеге ээ болду

12-Апр. 2017, Шаршемби

Түркиянын Анталия шаарындагы дзюдо боюнча эл аралык “Antalya Grand Prix 2017” мелдешинде кыргызстандык эки балбан 2 күмүш тагынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 7-9-апрель күндөрү Анталия шаарында өтүп, ага 34 мамлекеттин спортчулары катышкан.

Кыргызстандан бул тирнирге 12 спортчу катышкан. Алардын ичинен Бектур Рысмамбетов (66 кг) жана Юрий Краковецкий (100 кг) салмактагы категорияда күч сынашып, күмүш байгени утуп алышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!