​Юрий Краковецкий дүйнөдөгү рейтингде 8-орунда

13-Апр. 2017, Бейшемби

Юрий Краковецкий дүйнөдөгү рейтингде 8-орунда

Кыргызстандын улуттук курама командасынын дзюдочу Юрий Краковецкий дүйнөлүк күчтүү дзюдочулардын IJF версиясынын рейтингинде 8-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясынан расмий сайтында жарыяланган.

Рейтингдин 10-апрелге карата жаңыланган версиясында спортчунун Түркиянын Анталия шаарында өткөн “Grand Prix 2017” мелдешинде күмүш байге утуп алганы эске алынган. Буга чейин аталган рейтингде спортчу 21-орунда болчу.

Түркиядагы мелдеште Краковецкий 100 кг салмактагы категорияда Россия, Түркия, Азербайжан спортчуларын жыга чаап, күмүш утуп алган.

Белгилей кетсек, Юрий Краковецкий Риодогу Олимп оюндарынын катышуучусу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!