​Кыргызстандык бийчилер 1-орунду алышты

14-Апр. 2017, Жума

Кыргызстандык өспүрүм спортчулар Амир Бердалиев жана Тян Вероника Алматада өткөн эл аралык “Kazakhstan Open-2017” спорттук бал бийи боюнча мелдеште алтын тагынды. Бул тууралуу КРнын бий спортунун федерациясынан билдиришти.

Мелдеш Алмата шаарында 8-9-апрель күндөрү өткөн. Ага Казакстандын бардык областтарынан, Өзбекстан Кыргызстан жана Россиядан миңден ашуун бийчилер катышты. Конкурсанттар латынамерика, европалык бий номерлерин тартуулашты.

Катышуучулар бир катар жаш куракка бөлүнүп 4-6 жаш, 7-9 жаш, 10-11 жаш, 12-13 жаш, 14-15 жаш, 16-18 жаш курактагы категоряда таймашкан.

Кыргызстандан Амир Бердалиев менен Тян Вероника чогуу бий номерлерин аткарышып 1-орунга ээ болуп, алтын тагынышты. Спортчулардын машыктыруучусу - Александр Ким

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!