Футзал боюнча мелдешке 14 оюнчу катышат

20-Апр. 2017, Бейшемби

Кыргызстандын жаштар курама командасы Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуудан өткөрөт. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчулар 16-28-майда футзал боюнча Таиланддын Бангкок шаарында өтүүчү Азия Чемпиондугуна катышууга даярдык көрүшмөкчү.

Бул мелдешке Кыргызстандан 14 жаш оюнчу катышары күтүлүүдө.

Эске салсак, жаштардын командалар арасындагы Азия чемпионаты алгачкы жолу өтүп жатат. Кыргызстандык оюнчулар D тобунда Иран, Кытай, Монголия жана Бириккен Араб Имаратынын спортчулары менен таймашат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!