Астанадан беш медаль менен кайтышты

28-Апр. 2017, Жума

Кыргызстандык спортчулар Казакстандын Астана шаарында өткөн каратэ спортунун шинкиокушинкай түрү боюнча эл аралык Азия чемпиондугунда 5 медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Эл аралык мелдешке Япония, Польша, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Иран, Азербайжан, Казакстан, Украина жана Кыргызстандан 700 спортчу катышкан. Кыргызстандын атынан 14 спортчу катышып, алардын ичинен 5 спортчу 1 алтын жана 4 коло медаль утуп алды

1-орунда Артем Носарев 60 кг чейинки салмак категориясында катышып, алтын медалга ээ болду. Ал эми балдар арасында Нурмухамед Каниметов, Амантур Рыскулов, Умутбек Маматкиров жана Мунара Бейшенбетова коло тагынышкан.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!