Кикбоксинг боюнча спортчулар 31 медаль тагынды

2-Май 2017, Шейшемби

Кыргызстандын курама командасы кикбоксинг боюнча Азия чемпионунда 31 медаль (8 алтын, 11 күмүш, 12 коло) тагынды. Бул тууралуу Азия оюндары-2017 сайты жазып чыкты.

Мелдештер 23-30-апрель күндөрү Ашхабад (Түркменистан) шаарында өткөн. Ага 17 өлкөдөн 300дөй спортчу катышты. Медалдар программанын 6 түрү боюнча ойнотулду.

Командалык эсепте 1-орунду Түркмөнстан алды (27 алтын, 25 күмүш жана 23 коло). Андан соң Иран, Тажикстан жана Кыргызстан курама командалары турат.

Кикбоксинг боюнча Азия чемпионаты «Inspiring Ashgabat» аталышындагы сынак мелдештердин алкагында өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!