​Көк бөрү: Финалга чыккан командалар аныкталды

8-Май 2017, Дүйшөмбү

Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча финалга чыккан командалар аныкталды. Бул тууралуу КРнын көк бөрү федерациясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 7-майда «Ак-Кула» ат майданында чейрек финалдык таймаш орун алган. Мында Таластын «Ынтымак» жана Оштун «Достук» командасы оюн өткөрүп, финалга «Ынтымак» командасы чыкты. Буга чейин эки команда «Нооруз-2017» майрамына карата өткөрүлгөн мелдеште финалда ойноп, таластык команда 8:7 упай эсебинде кубокту жеңип алган.

Бул жолкусунда дагы «Ынтымак» команадасы 2:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды. Ал эми «Биримдик Аю» командасы менен «Арашан» клубу беттешип 20:3 упай менен «Биримдик Аю» командасы финалга чыкты.

9-май күнү «Достук» менен «Арашан» командасы коло байге үчүн оюн өткөрсө, «Ынтымак» менен «Биримдик Аю» кубокко ат салышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!