​Көк бөрү: “Ынтымак” командасы жеңишке жетишти

10-Май 2017, Шаршемби

9-майда Ак кула ат майданында Жеңиш майрамынын 72 жылдыгына жана каскадер Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш өттү. Мелдештин финалдык таймаштын жыйынтыгында Таластын "Ынтымак" командасы Сокулуктун "Биримдик Аю" командасын 1:0 эсебинде утуп, жеңишке жетишти.

3-орун үчүн “Арашан” жана “Достук” командалары беттешмек, бирок "Достук" командасынын мелдештен четтетилгендигине байланыштуу 3-орун “Арашан” оюнчуларына берилди.

Жеңүүчүлөргө медалдары ыйгарылып, акчалай сыйлыктар тапшырылды. 1-орунду Таластын "Ынтымак" командасына 500 миң сом, 2-орундагы "Биримдик Аюга" 250 миң сом, 3-орунга "Арашан" командасына 150 миң сом берилди.

Белгилей кетсек, 3-майда башталган көк бөрү мелдешке 11 команда катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!