Баку-2017: Айсулуу Тыныбекова мелдешке чыгат

15-Май 2017, Дүйшөмбү

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештигинин IV оюндарына эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер боюнча курама командасынын спортчулары катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эркин күрөш боюнча мелдеш 19-21-май күндөрү Гейдар Алиев атындагы спорттук аренада старт алат.

Кыргызстандын эркин күрөш боюна кыз-келиндер курама командасы:

Айсулуу Тыныбекова - 58 кг чейин

Мээрим Жуманазарова - 69 кг чейин

Айпери Медет кызы - 75 кг чейин

Нурбек Изабеков - башкы машыктыруучу

Ислам тилектештигинин IV оюндарына оюндары 12-22-май күндөрү Азербайжандын борбору Баку шаарында 49 мамлекеттин спортчулары таймашууда. Кыргызстандын атынан 70 спортчу спорттун 11 түрү боюнча катышууда.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 13-май күнү, Индиянын Дели шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпионунда алтын байгени утуп алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!